БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында мурдагы күнү үч иттин таландысында калып ооруканага түшкөн бөбөктүн абалында жылыш болуп, жакшыра баштады. Бул туурасында №3 балдар ооруканасынан Sputnik агенттигине билдиришти.
Борбордогу №3 балдар ооруканасынын дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, бала тамактанып, сүйлөп жатат. Акыбалы күндөн-күнгө жакшырууда.
"Учурда бөбөк дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Денесиндеги жарааттардын бүтүшүнө убакыт керек. Пластикалык хирургдар менен сүйлөшүп, кеңешип жатабыз", – деди дарыгер.
Эске салсак, 1-мартта Бишкектин түндүк тарабындагы Алтын-Казык конушунда короодогу ит сырттан ал жакка түшүп калган алты жашар баланы талап салган. Алар бөбөктүн баш терисин тыткылап, сыйрып, колу-бутун чайнап салып, учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.