Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жайыттарды калыбына келтирүү. 12 миң гектарга мөмөлүү бактар отургузулдуТашкент шаарында “Акыркы кат” спектакли тартууландыКыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан “Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоорун талкууладыБишкекте 31-марттан 2-апрелге чейин Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, делегацияларды Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, Казакстандын энергетика вице-министри Сунгат Есимханов жана Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Умид Мамадаминов жетектешти. Сүйлөшүүлөргө ошондой эле тараптардын тиешелүү министрлик жана ведомстволорунун өкүлдөрү да катышты. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү долбоордун негизги стратегиялык өнөктөшү жана негизги потенциалдуу эл аралык финансылык кредиторлорунун бири катары өздөрүнүн маанилүү ролун тастыкташты.
Бишкек шаарында мурдагы күнү үч иттин таландысында калып ооруканага түшкөн бөбөктүн абалында жылыш болуп, жакшыра баштады. Бул туурасында №3 балдар ооруканасынан Sputnik агенттигине билдиришти. Борбордогу №3 балдар ооруканасынын дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, бала тамактанып, сүйлөп жатат. Акыбалы күндөн-күнгө жакшырууда. "Учурда бөбөк дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Денесиндеги жарааттардын бүтүшүнө убакыт керек. Пластикалык хирургдар менен сүйлөшүп, кеңешип жатабыз", – деди дарыгер. Эске салсак, 1-мартта Бишкектин түндүк тарабындагы Алтын-Казык конушунда короодогу ит сырттан ал жакка түшүп калган алты жашар баланы талап салган. Алар бөбөктүн баш терисин тыткылап, сыйрып, колу-бутун чайнап салып, учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Өлкөдө жайыттарды калыбына келтирүү максатында 11 миң 960 гектардан ашык аянтка мөмөлүү бактар отургузулду, Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Манас шаарында өткөн “Жашыл мурас” кампаниясын ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылганын билдирди. Маалыматта белгиленгендей, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев президенттин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Жашыл мурас” кампаниясы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануунун маанилүү куралы экенин айтты. Министрликтин маалыматы боюнча, республикада жайыттарды калыбына келтирүү максатында 11 миң 960 гектардан ашык аянтка мөмөлүү бактар отургузулса, ал эми 2025-жылы 401 миң гектардан ашык жайыт жерлер эс алдырууга калтырылды.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 31-марттан 2-апрелге чейин Ташкент шаарында чыгармачылык сапар менен болуп, “Акыркы кат”спектаклин тартуулады. Анда белгиленгендей, спектаклди Ташкенттик көрүүчүлөр чоң овация менен кабыл алышты. Чыгарма эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин калемине таандык. Ал эми койгон режиссеру - Уланмырза Карыпбаев. “Акыркы кат” театрдын 100 жылдыгынын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин кеңири белгилөө тууралуу президенттин жарлыгынын негизинде коюлду. Маданий иш-чарага эки өлкөнүн президенттеринин кеңешчилери Хайриддин Султанов жана Медет Букуев, эки тараптын окумуштуулары, ректорлору, депутаттары, артисттери, жазуучулары жана коомдук ишмерлери катышты.