Ысык-Көлдө Су-25 учагынан машыгуу учурда эки ок-дары ээн талаага түшкөн

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кечээ, 31-мартта, кечке жуук Канттагы аба базадан чыккан Су-25 учагынан машыгуу учурунда окуу-практикалык эки ок-дары ээн талаага түшкөн. Андан кырсыктап, жабыркагандар жоктугун Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көлдүн аймагында катталган.
Соцтармактардагы маалыматта мындан улам Сары-Камыш айылынын тушундагы талаада диаметри 2-3 метр болгон эки чуңкур пайда болгону айтылган.
Мындан улам Россиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командачылыгы атайын комиссия түзмөй болгону жана алар жакында Кыргызстанга келе турганы айтылды. Ошондой эле окуянын себеби такталганга чейин окуу-машыгуу токтотулган.
Бул боюнча укук коргоо органдары иликтөө, тергөө, ал эми аскер прокуратурасы текшерүү иштерин баштады.
Жапаров Жалал-Абадда “Альфа” бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборун ачты