Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, ал "Кыргызнефтегаз" ААКсында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген. Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелүүдө.Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган. Мындан улам "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт адам 16-майга чейин №1 тергөө абагына камалган. Ал эми Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев 16-майга чейин үй камагына алынган. Ташиев 16-март күнү депутаттык мандатын тапшырып берген болчу.Белгилей кетсек, ал буга чейин бир нече жолу суракка чакырылган.Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов кармалганын УКМК билдирди. Атайын кызмат Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузулган фактылар аныкталганын маалымдады.Депутаттык мезгилинде Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комитетинин мүчөсү болгон Сулайманов кызматынан пайдаланып, материалдык пайда көрүү үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын илгерилетүү аркылуу ага колдоо көрсөтүү уюштурган деп шектелүүдө.
Ош шаарынын мурунку мэри Жеңишбек Токторбаев кечээ сурак берип, бүгүн кайра чакырылганын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар кабарлады.Маалыматка ылайык, ал калааны башкарып турган кезиндеги иштер боюнча күбө катары суралып жатат.Буга чейин соцтармакта мэрия Токторбаев башкарып турганда 12 миллиард сом карыз болгону айтылган. Экс-мэр подрядчыларга карыз бар экенин моюнга алган, бирок сумма көрсөтүлгөндөн кыйла аз экенин билдирген. Токторбаев мэрликтен ушул жылдын 18-февралында кеткен.
Ак илбирс 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы болуп тандалды. Бул тууралуу ДКОнун Эл аралык катчылыгынан билдиришти.Иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт. Оюндардын спорттук программасына улуттук спорттун 43 түрү киргизилген.ДКОго 100дөн ашуун өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышат. Маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөрү маалым.
Бириккен Араб Эмирликтери АКШ менен анын союздаштарына аскер күчүн колдонуу менен Ормуз кысыгын ачууга жардам берүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу арабиялык аткаминерлерге таянуу менен Wall Street Journal жазды.Гезиттин маалыматына караганда, БАЭ аталган аракетке уруксат бере турган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын кабыл алынып калышына жан үрөөдө. Эмирликтердин өкүлү дипломаттар АКШ менен Европа жана Азия мамлекеттерин кысыкты күч менен ачтыра турган коалиция түзүүгө чакырышканын билдирди.Анын айтымында, БАЭ кысыктын коопсуздугун камсыздоодо аскерий кийлигишүү жолдорун карап жатат, мындан тышкары, аны минадан тазалоого киришмекчи.