БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарды алдап жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 71 жаштагы аял Биринчи май райондук милициясына арыз жазып, аны алдап кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган. Алдамчылар 16-октябрдан 12-ноябрга чейинки аралыкта байланышта болуп, өздөрүн орган кызматкери катары тааныштырып, ишенимге киришкен.
"Алар "мүлкүңүздү коргош үчүн" же "террорго каршы операцияларды каржылоо керек" деген шылтоолорго ынандырып, батирин саттырышкан. Жабырлануучу түшкөн акчаны бир эле банктын ар башка 18 реквизитине которуп берген", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу" беренеси менен иш козголгон.
Иликтөөнүн жыйынтыгында алты бала дропперликке шектелип кармалган. Алардын эң улуусу 30 жашта, кичүүсү 16 жашта болуп чыккан. Иш боюнча тергөө уланууда.