Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль: Киев курчоодо калган аскеринин чыныгы абалын жаап-жашырууда

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Киев жаап-жашыра турган нерсеси болгондуктан Украина Куралдуу күчтөрү курчоодо калган аймактарга журналисттерди жиберүү сунушун кабыл алган жок. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Киев эмнени жашырып жатат? Курчоого алынган аймактардагы чоң кыйынчылыкка кептелген аскерлеринин абалын көрсөткүсү келген жок. Ал жакка барууга көбүнесе батыш ЖМКлары ынтызарлыгын билдирген", — деди ал.
РФ Коргоо министрлиги курчоодо калган Купянск менен Красноармейскидеги украиналык бөлүктөрдүн абалын баалап, кырдаал өтө курч экенин билдирди. Азыркы учурда аскер кызматкерлеринин колго түшүп берүүдөн башка аргасы жок. Анткен менен Владимир Зеленский чыныгы абал тууралуу үн катпай, райондор "тазаланып жатканын" айтууда. Министрлик Киев режиминин жетекчиси реалдуулуктан өтө алыс экенин кошумчалаган.
Ал арада Россиянын Куралдуу күчтөрү аймакты кыскандан кысып баратат.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн курчоодо калышы

26-октябрда Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов Владимир Путинге "Батыш" тобу Оскол дарыясынын өтмөгүн ээлеп, Купянскини курчоого алганын кабарлаган. Анын айтымында, бул жерде 5000дей украиналык аскер бар. Ал арада "Центр" тобу Красноармейск менен Димитров тараптан кысып келген. Украиналыктардын курчоону жарып өтүү аракетинен майнап чыккан жок, россиялыктар аларды багынып берүүгө чакырууда.
Өткөн жумада Путин Коргоо министрлигине чет элдик ЖМК өкүлдөрүнүн аталган аймактарга өтүүсүн камсыздап берүүнү тапшырган. Командачылык зарылдык жаралса курчоодогу райондордо беш-алты саат ок чыгарбай турууга даяр экенин билдирген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Европадагы өкүлү: Киевге курал ташуу акыры жеңилүүгө кептейт