Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Кыргызстанда аскер кызматкерлерине кошумча иштөөгө уруксат берилди Өлкөдө жаңы жалпы жарандык паспорттор колдонууга бериле баштадыУлуттук банк Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин көзөмөлдөбөйт Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Документке ылайык, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (МӨБ КР) ишине банктардын жалпы мыйзамдары эми жайылтылбайт. Бул болсо — МӨБ КР атайын укуктук макамга ээ болуп, коммерциялык банктардан өзгөчө тартипте иштээрин билдирет. Мындан тышкары, мыйзамга ылайык, Улуттук банк эми Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын лицензиясын берүү, көзөмөл жана жөнгө салуу иштерин жүргүзбөйт. Ошентип, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өз алдынча, өзүнчө эрежелер менен иш алып баруучу каржылык институтка айланат. Бул өзгөрүү өлкөнүн финансылык системасында жаңы ыкма жана мамлекеттик өнүгүүнү колдоонун жаңы этабы катары бааланууда.
Президент Садыр Жапаров дагы бир мыйзамга кол койду. Ал «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам деп аталат. Бул документ аскер кызматкерлеринин кызматтан тышкаркы эмгек ишмердүүлүгүнө болгон укуктарын кеңейтет. Мыйзамга ылайык, айрым учурларда (милдеттүү кызмат өтөп жаткандардан тышкары) аскер бөлүктүн командири же мекеме башчысы кызматкерге кошумча иштөөгө уруксат бере алат. Эми аскер кызматкерлери расмий түрдө төмөнкү тармактарда иш алып бара алышат: илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук жана эксперттик ишмердүүлүк; медициналык практика — бирок мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында гана; мындай ишмердүүлүк квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында жүргүзүлөт. Жаңы мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Бул чечим аскер кызматкерлерине өнүгүүгө, билимин кеңейтүүгө жана коомго кошумча пайда алып келүүгө шарт түзөт.
Кыргызстандын 2025-жылкы биометрикалык жалпы жарандык паспорттору бүгүн, 3-ноябрдан тарта, колдонууга бериле баштады. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, документти алмаштыруу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Учурдагы паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат. Жаңы паспортко өтүүнүн негизги себептери: Кыргызстандын мамлекеттик желегинин өзгөртүлүшүнө байланыштуу; документтерди даярдоонун толук циклин "Учкун" ААКнын кубаттуулугуна өткөрүү менен улуттук өндүрүштү күчөтүү; аймакта эң жогорку коопсуздук деңгээлин камсыздаган жаңы технологияларды жана өзгөчө коргоо элементтерин киргизүү.
Владимир Зеленский менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин ортосунда олуттуу пикир келишпестик жаралды. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис өзүнүн YouTube каналындагы эфиринен билдирген. Анын айтымында, Зеленский Сырскийге ДЭРде чабуул жасоого буйрук бергени тууралуу маалыматтар бар. "Сырский бул буйрукту аткаруудан баш тартып жатат деген дагы кептер айтылууда. Ал муну Украинанын чабуул жасоого күч-дарамети жок экендиги менен түшүндүргөн", — деди эксперт. Меркурис эгер бул маалыматтар анык болсо, Украина үчүн фронттогу абал канчалык начарлаганын көрүүгө болорун белгилеген. Россиялык аскерлер атайын аскердик операция аймагындагы иштерин активдүү улантууда.