БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкекте 39 жаштагы киши үч жашар кызды тебелетип алган. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 20-октябрда саат 18:40 чамасында “Азия Мол” соода борборунун жанында, тагыраагы, Айтматов жана Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда GMC ACADIA үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу коюп кеткен бөбөк ошол жерден каза болгон.
Аталган факт боюнча иш козголуп, машинаны айдап жүргөн киши кылмышка шектүү катары кармалган. Милициядан учурда ал Бишкектеги убактылуу кармоо жайында экенин кошумчалашты.