Еврейлерди кырып салышкан. Бабий Ярдагы окуяны баяндаган тарыхый видео

Бабий Ярдагы трагедия, тагыраагы, жүз миңдеген советтик жарандардын кырылышы — күнөөлүүлөр канча убакыт өтсө да жазасын ала турган кылмыш.
Sputnik
Киевдин четинде жайгашкан Бабий Яр — Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетин чагылдырган аймак. Согуш башталган соң ошол эле 1941-жылдын сентябрында фашисттер элди кырып-жоюуну баштаган.
Бардыгы эле тарыхтан сабак ала беришпейт. Бабий Ярдагы кыргынды НКВД уюштурган советтердин калпы дешип, жай жарандардын өмүрүн алган украин улутчулдарын аппак кылып көрсөтүүгө аракет кылып келишкен.
1941-жылы сентябрда немецтик баскынчылар эл каттоо өткөрүп, еврейлерди көчүрөбүз деген жалган жарлыктар жазылган миңдеген баракчаларды Киевдин көчөлөрүнө илишкен. Бул еврей улутундагыларды алдап алып келип, көзүн тазалоо үчүн жасалган эле.
Бабий Яр эки темир жол станциясына жакын жайгашкан. Ал эми элге жылуу кийимдерин ала келишин эскертишкен. Мындан улам алар өлүмгө баратабыз деп ойлошкон эмес. Украиналыктардан түзүлгөн полицияны немецтер шаарда калган-каткан еврейлерди тазалоо үчүн колдонушкан. Ал элди кыруу 1943-жылга, немецтер Киевден кеткенге чейин уланган.
29-30-сентябрда Киевде жашаган еврей калкын дээрлик кырып салышкан. Эки күндө 33 771 киши атылган.
2017-жылы Киев бийлиги Бабий Ярга ачык антисемит, ОУН* (Украиналык улутчулардын уюму) Мельник фракциясынын жактоочусу болгон акын Елена Телиганын эстелигин орнотту. Аны жана фракциянын башка мүчөлөрүн немецтер 1942-жылдын февралында аткан, мунун негизинде Украина бийлиги аны "курмандыктардын" катарына кошту.
* РФтин аймагында иш алып барууга тыюу салынган экстремисттик уюм