«Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймак» сынагы жарыяланды — жеңүүчүлөр кантип тандалат?

Sputnik
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги улуттук тазалык күнүнө карата "Эң таза шаар" жана "Эң таза айыл аймагы" аттуу республикалык конкурс жарыялады. Иш-чаранын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын стимулдаштыруу жана таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу болуп саналат. Конкурска катышкан жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, анын ичинде таштанды ташуучу унаалар жана таштандыларды иргөөчү линия берилет.
Бул демилге жарандардын активдүүлүгүн жогорулатып, коомчулуктун тазалыкка болгон жоопкерчилигин күчөтөт. Жеңүүчүлөр 10 критерийлер боюнча тандаларын министрликтин калдыктар боюнча иш жүргүзүү бөлүмүнүн башкы иш жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Өскөнбаев айтып берди.