БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-жыйынында сүйлөп жатып, Евробиримдик өлкөлөрү менен Улуу Британиянын кош стандартына да токтолду.
Ал негизсиз санкциялар өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикасын төбөсүнөн ылдый басуу деп баалана турганын белгиледи. Жапаров Россия менен кызматташып жаткан тараптар башкаларга тыюу салып жатканына токтолгон.
"Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди Россия менен силерге караганда көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат", — деди өлкө башчысы.
Сандардын тили менен берсек, 2024-жылы ЕБ өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон.
Ал Кыргызстандын эки банкына каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөнүн айтты.
Ушундан улам ал кимдир бирөөлөр Россия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыгын коргоп, башкаларга тыюу салып жатканын белгиледи.
Мамлекет башчы Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келгенине токтолду. Анын айтымында, өлкө өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара бермекчи.
"Бирок биз жарандарыбыздын кызыкчылыгын, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чала албайбыз!" — деди Жапаров.
Ал Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандар тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделгенин ырастады.