БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Израилдин Газага жасаган чабуулу олуттуу тынчсызданууну жаратып, тараптын сүйлөшүүгө ниети жоктугунан кабар берет. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мындай көрүнүш аймактагы жашоочуларды, тагыраагы, миллионго жетпеген адамды дүрбөлөңгө түшүрдү.
"Жагдай жай тургундар арасында өлүмдүн көбөйүшүнө, кырдаалдын жана гуманитардык абалдын курчушуна алып келери айкын", — деген ал.
ТИМ өкүлү Израилдин Дохадагы чабуулу аны Газадагы маселени күч менен чечүүнү ойлоп жатканынан кабар берерин белгилеген.