БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Экономика жаатында Россия менен байланышты кыйла жакшыртууга болот. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс One America News Network телеканалына маек куруп жатып айтканан РИА Новости жазды.
"Чындыкка тике карайлычы. Россия силерге жагабы-жакпайбы, жаңжалга байланыштуу аргументтерине макулсузбу-жоксузбу, жөпжөнөкөй бир нерсе бар — бул жакта нефть, газ жана пайдалуу кен абдан көп", — деген Вэнс.
Ал Трамптын абал тынчып, тынчтык орногондон кийин Россия менен экономикалык байланышты чыңдоо боюнча айтканына толугу менен кошуларын билдирген.
Вице-президент, мындан тышкары, Трамп Москваны экономикалык изоляцияда калтыруунун натыйжасын көрбөй турганын, муну ал россиялыктардан да, европалыктардан да жашырбаганын айтты.
Вэнс сөзүндө АКШ Украинадагы абалды тынчтык менен жөнгө салуу мүмкүн экенине ишенип турарын белгилеген. Анын айтымында, жаңжалдын узарышы бир да тараптын кызыкчылыгына жооп бербейт.