БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дайынсыз жоголгон кыргызстандык жоокер Ырысмамбет Токтомбаевдин чөбөрөсү бабасынын көрүстөнүнө туулган жердин топурагын ала барган. Бул окуя тууралуу "Минская правда" басылмасы жазды.
Анда ЖККУнун Беларустагы машыгууларына катышуу үчүн Кыргызстандын аскер контингентинин катарында барган медициналык кызматтын подполковниги Арстан Токтомбаевдин өзгөчө окуясы баяндалат.
Кыргызстандык Ырысмамбет Токтомбаев Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дайынсыз жоголгон. Эки жыл мурун Куралдуу күчтөрдүн Ата Мекенди коргоочулардын жана согуш курмандыктарынын элесин түбөлүк сактоо башкармалыгынын аракети менен анын 1943-жылдын 28-декабрында Беларусту бошотуу үчүн болгон салгылашууда курман болуп, Витебск облусунун Адаменка аймагында жерге берилгени аныкталган.
"Бабам 1942-жылдын ноябрында фашисттик Германияга каршы күрөшкө жөнөп кеткен. Бирок согуштан кийин кайтып келбей, дайынсыз деп эсептелип жүргөн. Үй-бүлөбүз анын кайда курман болгону жана кайда көмүлгөнү тууралуу эч нерсе билчү эмеспиз. Эки жыл мурун гана алгачкы маалыматка ээ болдук. Беларустагы элчиликке кат жөнөткөнбүз. Андан кийин "Беларусь Республикасынын Эстелик китебинен" үзүндү жөнөтүштү. Анда анын кандай шартта көз жумганы жана кайда жерге берилгени көрсөтүлгөн", — деди Токтомбаев.
Ал Беларуска машыгууга барарын билгенде өзү менен бирге Нарындан бир ууч топурак ала барып, бабасынын көрүстөнүнө сепкен. Мындай таасирлүү окуя жергиликтүү басылмалардын көңүлүн бурган.