БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын жашоочулары үйлөрүнө экологияга зыян келтирбей турган жылытуу тутумун орнотуу үчүн бир миллион сомго чейин насыя ала алат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, үйүн жылытуу үчүн жылуулук насосторун, электр казандарын жана күн энергиясы менен жылытуу тутумун орнотууну каалагандарга бир миллион сомго чейин жеңилдетилген пайыз менен насыя каралууда.
"Каржылоо коммерциялык банктар аркылуу бөлүнөт. Андан тышкары, дал ушундай экологияга зыян келтирбеген жылытуу тутумун орноткон жана саткан ишканалар 5 миллион сомго чейин насыя ала алышат", — деп айтылат маалыматта.
Мындай демилге абанын булганышын азайтууга, шаар тургундарынын ден соолугун жакшыртууга жана борбордун экологиясын оңдоого багытталганы белгиленген.