25 жыл мурда Клинтон Путинге НАТО боюнча эмне деген. АКШ архивинин маалыматы

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. 2000-жылы РФ менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Билл Клинтон жолугуп, Америка лидери кесиптешине НАТОнун Чыгышка карай кеңейиши Москвага эч кандай кооптуулук жаратпастыгын айткан.
РИА Новости Америка өкмөтүнүн жашыруун документтерине шилтеме кылып жазган маалыматта Клинтон РФтин Түндүк альянска кирүүсүн кароого даярдыгын айтканы жазылган.
АКШнын мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары, орус тилин жакшы билген дипломат жана котормочу Строуб Тэлботтун жазып алгандарын АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин коммерциялык эмес, изилдөөчү National Security Archive уюму жарыялады. Ал жазуу 2000-жылдын июнунда Кремлде Путин менен Клинтон жолукканда жасалган.

"НАТО кеңее баштагандан тарта эле Россия үчүн көйгөй жаралышы мүмкүндүгүн билчүмүн. Бирок бул Россияга түздөн-түз коркунуч жаратпастыгын башкалардын да түшүнүшүн каалаар элем", — деген Клинтон.

Ал "эгер биздин кийинки муундар бири-бирине негизги коркунуч катары карап мамиле жасай турган болсо, анда алар башка көйгөйлөрдү биргеликте чечүү мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жиберишерин" айткан. Бирок расмий документтерден белгиленгендей, экинчи күнү АКШ президенти бул маселеде "өтө чечилбей, анча ачылган" эмес.
Эске салсак, 2024-жылы февралда америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда Путин эгерде АКШ чын дилден кызыкдарлыгын билдирсе, 2000-жылдардын башында Россия НАТОго кириши толук мүмкүн эле деген оюн билдирген. Муну 2022-жылы февралда да айтып, Клинтондун бул идеяга "салкын мамиле кылганын" эске салган.
Патрушев: НАТО аскердик жол менен Россиянын бүтүндүгүн бузууга умтулууда