Советтер Союзу учурунда балдар адабияты да план менен ишке ашып, жазуучуларга атайын тапшырмалар берилгени маалым. Тилекке каршы өлкө эгемендүүлүк алгандан тарта бир эле балдар эмес, жалпы адабият жапа чегип келген. Соңку жылдары аздап болсо да каражат бөлүнүп, кыл калем ээлерине көңүл бурула баштады. Бирок муну менен катар эле 30 жыл аралыгы бир да балдар үчүн роман жазылбаганына күбө болуп отурабыз. Демек бул жаатта жасалчу иштер али көп. Азыркы доордо балдар китеп окубай калды деген жүйөө менен айрымдар балдар адабиятын китеп жүзүндө көрүүнү эффективдүү эмес деп эсептешет.
Балдар адабияты кайсы өңүттө өнүгүш керек? Келечек муундун табити кандай? Аларга кандай табитти жаратуу улуу муундун колундабы?
Ушул жана башка соболдорго бүгүнкү "Кеменгер" программасынын алкагында жооп алууга аракеттенели.