БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Мөңгүлөрдүн эришин токтотуу үчүн Кыргызстандын аймагына 7 миллиард түп бак отургузуу керек. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирди.
Бул топурактагы нымдуулукту сактап, мөңгүлөрдүн эригенин жайлатат. Раимбеков экологдор 35 жылдын ичинде мөңгүлөр толук эрип кетишин эскерткенин эске салган.
"7 миллиард дарак отургузуу мүмкүнбү? Ооба, эгер тез арада жана биргеликте иш баштасак. Мисалы, Кытай акыркы 40 жылда 66 миллиард дарак отургузуп, чөлдөөнү токтотту. Эгер азыр баштабасак, 35 жылдан кийин кеч болуп калат. Мөңгүлөр жок болуп, суу тартыштыгы өлкө тарыхындагы эң чоң экологиялык кризис менен бетме-бет келет. Сунуш: же азыр иш баштайбыз, же апаатка даярданууга туура келет", — деп жазган ал.
Ошондой эле ал мамлекет жашылдандыруу жана экосистеманы коргоо программаларын ишке ашыруу менен суу ресурстарын сактоого багытталган демилгелерди колдоп жатканын кошумчалган.