Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Дмитрий Панфилов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандыктар тууралуу материалдарды жарыялоону улантабыз.
Sputnik
Дмитрий Панфилов 1913-жылы Бурлин (Батыш Казакстандын Бурлин району) айылында туулган. Улуту орус.
Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Дмитрий Панфилов үй-бүлөсү менен
Жетинчи классты аяктаган соң Кыргызстандын Жалал-Абадында жашап-иштеген. 1935-1937-жылдары Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясында кызмат кылган. 1941-жылдын июнунда армияга экинчи ирет чакырылып, июлдан тарта Улуу Ата Мекендик согушка кирген. 1944-жылы танк училищесин бүтүргөн.
Ушул эле жылы августта кенже лейтенант Дмитрий Панфилов 2-Украина фронтунун 18-танкалык корпусунун 170-танкалык бригадасынын взводун жетектеген. Яссы-Кишинев операция учурунда (Кызыл армиянын нацисттик Германия менен Румынияга каршы 1944-жылдын 20-29-августунда өткөн) каармандыгын көрсөткөн.
Панфиловдун взводу 1944-жылдын 21-августунда румын жөө аскерлер дивизиясына оңдурбагандай сокку уруп, алар өтө турган жолду бууп салган. Ал эми 25-августта Строешти кыштагы үчүн салгылашта душмандардын курчоосуна түшүп калып, күчү жагынан алда канча артыкчылык кылгандар менен бир сутка кармашкан. Артиллериялык үч куралды, беш БТРди, эки автоунааны жана каршылаштардын 80 аскери менен офицерин жок кылган.
Яссы-Кишинев операциясындагы эр жүрөктүүлүгү жана каармандыгы үчүн 1945-жылы СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылып, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы менен сыйланган. Андан сырткары, Кызыл Туу, Ата Мекендик согуштун I, II даражадагы ордендеринин, бир катар медалдардын ээси болгон.
Дмитрий Панфилов Москванын Кызыл аянтында өткөн Жеңиш парадына катышкан. Лейтенант 1946-жылы запаска бошотулат да, Жалал-Абадга кайтып келет. Андан кийин жер которуп Ферганага кетет. Согуштун ардагери 1985-жылы көз жуумп, сөөгү Ферганага коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Жумаш Асаналиев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры