БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бир нече жолу тартип бузган аткаминерлердин айлыгын кыскартуу ыкмасын колдонуу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов
© Sputnik / Жантай Макенов
Анын айтымында, эгерде аткаминер экинчи ирет сөгүш алса кызматтан кетиши керек. Бирок ченемдик-укуктук актыларда андай нерсе каралбай калган.
"Биз дисциплинардык чараларды монетизациялоо ыкмасын киргизип жатабыз. Тагыраагы, аткаминерге сөгүш жарыяланса анын айлыгы кыскарып, бонустардан ажырайт. Бул нерсе чиновниктерге мотивация берет", — деди Осмонов.
Ал ошондой эле бул механизмди Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизүү каралып жатканын кошумчалады.