Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин Алматыда жолугушту

Sputnik
АЛМАТЫ, 31-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Алматыда Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен кезикти.
Жолугушуу Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында болду.
Касымалиев Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.
"Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди жогору баалайбыз. Биздин экономикалык алака бекем жана ошол бойдон каларына ишеним чоң. Эки тараптуу байланыштар кыргыз-орус күн тартибиндеги маселелерди өз убагында чечүүгө мүмкүндүк берет", — деди Касымалиев.
Өз кезегинде Мишустин мамилелердин жогорку деңгээлин, артыкчылыктуу багыттар боюнча алаканы мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде экономикалык, сооданы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук жана транспорттук байланыштар маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.
ЕАЭБдин кийинки жыйыны августта Кыргызстанда өтөт