БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 2021-жылы май айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн жоготуулар көп болгонун айтты.
Ал белгилегендей, чек арада жаңжал чыкканда мамлекетте бир дагы аскер машинасы болгон эмес.
"Биздин аскерлер 40-50 жыл мурда чыгарылган автомат, тапанча менен гана чыккан. Ал тургай бронежилет жок эле. Ошол себептен жоготуулар көп болгон. Чек араны эски УАЗ, портерлер менен кайтарышчу. Айлыктары 15-20 миң эле. Айтор, мамлекет улуттук коопсуздукту камсыз кыла алган эмес. Чыр-чатак учурунда бизде бир эле сооттолгон автоунаа бар болчу. Аны да качандыр бир кезде кримтөбөл Эркин Мамбеталиев белек кылыптыр. Жаңжалда ошол жападан жалгыз машина менен ок-дары ташып, көз жумган, жарадар болгон аскерлерди алып кетип жаттык", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал учурда кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, Чек ара кызматында Дубайдан, Россиядан атайын буйрутма менен даярдалган жүздөгөн жаңы сооттолгон автоунаа алынып, ал эми кампалар аскердик техника, курал-жарак, ок-дарыга толтурулганын белгиледи.
"Мындан сырткары, бизде "Байрактар", "Аксүнгүр", "Акынжы" сыяктуу заманбап пилотсуз башкарылган учактар бар. Борбор Азия боюнча булар азыр бизде гана", — деди УКМК төрагасы.