2025-жылы жаңы көмүр кендери ишке кирет — өлкөдө кара алтындын канча тонна запасы бар?

Sputnik
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдыкты жазда эле баштайт. Быйыл жыл башынан бери 1 миллион 100 миң тонна көмүр казылды. Ал эми калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында республика боюнча 75 көмүр кампалары ачылган. Ал жерде кара алтындын баасы мамлекет коюп берген нарктан жогору сатылбашы керек. Мекеменин негизги көмүр карьери Кара-Кечеде иш ирээтке келтирилип, видеокөзөмөлдөр орнотулду. Ошондой эле жылдын башынан тартып электрондук төлөмдөр ишке киргизилген. Азыркы тапта көмүр кенин иштетүү үчүн 18 лицензия алынды. 2025-жылы мекеме көмүрдү жууй турган ишкана курууну жана көмүр кендерин ачууну пландоодо. Кыргызстан боюнча көмүрдүн 6 миллиард тонна запасы бар экенин “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов маалымдады.