Парламентте мектепте акча чогултууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кечээ, 27-ноябрда, парламент мектептеги акча чогултууга тыюу салган мыйзамды үч окууда кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеванын демилгесине ылайык, мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса жеке жактар 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң сом айып төлөйт. Муну көзөмөлдөө Ички иштер министрлигине жүктөлөт.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда ата-эненин ыктыярдуу түрдө берген материалдык көмөгү мыйзам бузуу болуп саналбай турганы айтылды.
Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Буга чейин мектептерде акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгы чыккан.
Россиянын акчасына 9 эмес, 30 мектеп курса болот деген депутатка жооп беришти