Орто Азияда кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи хирург, академик Какиш Рыскулова

Sputnik
Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Канттын Четинди айылында дыйкандын бүлөсүндө туулган. Ал атасынан эрте ажыраган. Анын келечегине кам көрүүнү Рыскулдун аталаш иниси, улуу кыргыз илимпозу, агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаев өз колуна алат. Какиш Рыскулованын медик болуп калышына Арабаевдин эмгеги зор.
Какиш Рыскулова медицина илимине бир катар ачылыштарды кылганын, уникалдуу операцияларды жасоо менен шакирттерди тарбиялап медицинада өз мектебин түптөп кеткенин “Туяк” программасынын мейманы, академик Рахатбек Оморов белгиледи.