Бишкектен Балыкчыга чейин тез жүрүүчү поезд каттатуу долбоору даярдалууда

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков ылдам поезд жүргүзүү боюнча долбоор кайсы этапта экенин сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкектен Балыкчыга чейин тез жүрүүчү поезд каттатуу долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков ылдам поезд жүргүзүү боюнча долбоор тууралуу суроо узаткан.
Усубакуновдун айтымында, бул жолду кийин Чолпон-Атага чейин узартуу боюнча Беларустун компаниясы менен макулдашылууда.
"Беларустук компанияга техникалык документтердин баары берилген, алардын жообу келсе долбоордун баасы аныкталмакчы", — деди ал.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков келечегинде бул жолду Кара-Балтадан Караколго чейин бара тургандай кылып, ал тургай коңшу өлкөлөрдүн темир жолдоруна кошуу боюнча ойлонууну сунуштады.
Буга чейин Бишкек — Балыкчы — Каракол багыты боюнча темир жол куруп, тез жүрүүчү поезддерди жүргүзүү пландалып жатканы айтылган. Поезд жол ачыла турган болсо Бишкектен Караколго жүргүнчүлөр 1,5-2 саатта жетип калат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 4,5 миллиард доллар керектелет.
Бишкектеги темир жолду шаардын сыртына чыгаруу пландалууда