БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого саат 10:00гө карата жалпы шайлоочулардын 2,77 пайызы катышты. Бул тууралуу БШК билдирди.
Тактап айтканда, шайлоо башталгандан бери жалпы 4 миллион 135 миң шайлоочунун ичинен 114 348 жаран добушун берди.
Добуш берүү саат 20:00гө чейин уланат.
Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстанда 33 шаардык жана 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Жалпы жонунан 4 928 талапкер жана 39 партия каттоодон өткөн.
Буга чейин административдик-аймактык реформанын алкагында айрым шаарлар менен айылдар кеңейген. Натыйжада жеригиликтүү кеңештер ишин токтотуп, жаңы шайлоо дайындалган.