Бакудагы климаттык конференцияда Кыргызстандын павильону ачылды. Видео

COP29га 80 миңге жакын чет элдик конок келет, 50дөн ашык мамлекет жана өкмөт башчылары бул масштабдуу иш-чарага катышарын ырасташты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бакуда БУУнун Климаттын өзгөрүшүнүн алкактык конвенциясынын (COP29) тараптарынын 29-конференциясы башталды. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан кабарлады.
Анын алкагында Кыргызстан алгачкы ирет улуттук павильонун көрсөттү.
"Биз салттуу боз үйүбүздү алып келдик. Анда иш-чараларды, ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөбүз. Биз COP29да тоолорду туруктуу өнүктүрүү долбоорун сунуштайбыз", — деди Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техкөзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова.
11-ноябрдан 22-ноябрга чейин Баку стадионунда өтө турган COP29 Азербайжандын масштабдуу иш-чарасы болмокчу. Сессиянын алкагында 12-13-ноябрь күндөрү климат боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммити өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы катышат.
COP29га 80 миңге жакын чет элдик конок келет, 50дөн ашык мамлекет жана өкмөт башчылары бул масштабдуу иш-чарага катышарын ырасташты.
Буга чейин COP29дун уюштуруу комитетинин мүчөсү, Азербайжандын президентинин жардамчысы Анар Алакбаров иш-чарага катышуу үчүн 67 миң адам катталганын, 17 500 мейманкананын 85 пайызы сатылып бүткөнүн билдирген. Эске салсак, 2024-жыл Азербайжанда "Жашыл дүйнө үчүн тилектештик жылы" деп жарыяланган. Өлкө 2030-жылга чейин парник газдарын 35 пайызга, 2050-жылга чейин 40 пайызга кыскартууну пландап жатат.
Садыр Жапаров кийинки жумада Сауд Арабия менен Азербайжанга барат