Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: АКШ Украинанын согушту дагы 3-4 ай улантуусун каалайт

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. АКШ Украинанын согушту жаңы президенттин ант берүүсүнө чейин, тагыраагы, дагы 3-4 ай улантуусун каалайт. Бул туурасында РИА Новости британ эксперти Александр Меркуриске таянып жазды.
Анын айтымында, азыркы президенттин бийлиги учурунда Украинанын талкаланып калышын алдын алуу өтө маанилүү болуп турат.
Меркурис Украина армиясы жана Батыш аткаминерлери Киев режими бул кармашта утулганын түшүнүп калды.

"АКШ Украина шайлоодон соң, жаңы президент кызматка киришкенден кийин да күрөшүн улантышы үчүн мүмкүн болушунча аракет кылып жатат. Ошондуктан алар кармаштын дагы үч-төрт айга созулушун каалайт", — деди ал.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу, Россия аскерлери Донбасста алдыга ишенимдүү жылып жатканы тууралуу айткан. Август жана сентябрдын биринчи жумасында болжол менен миң чарчы чакырым аймак бошотулган. Ошол эле учурда каршылаштар тараптан эки миңге жакын адам өлүп жана жарадар болуп жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лондон Киевге эки миллиард фунттан ашык акча берет. Чоо-жайы