Бишкекте агроөнөр жай жана айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт

Иш-чарада айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 200дөн ашык түрлөрү, анын ичинде трактор, комбайндар, жер иштеткен, үрөн сепкен машиналар көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. 18-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) "АгроТехЭкспо-2024" агроөнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларынын Кыргызстанда чыгарылган үлгүлөрү, айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 200дөн ашык түрү, анын ичинде трактор, комбайндар, жер иштеткен, үрөн сепкен машиналары көрсөтүлөт.
Ошондой эле ал жактан үрөндүн түрлөрүн, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармек, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, асыл-тукум мал жана башка айыл чарба товарларын тапса болору айтылды.
Муну менен катар эле Эски аянтта "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкеси да уюштурулары белгиленди.
Быйыл өлкөдө эт, сүт, жумуртка жана жүн былтыркыдан көп өндүрүлдү. Статистика