Ысык-Көлдө селдин кесепетин жоюуга 738 киши чыкты. Сүрөт

Сел беш жүзгө чукул үйдү жана бир нече социалдык объектини каптап кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Садыр-Аке айыл аймагына кирген бир нече айылды каптаган селдин кесепетин жоюу үчүн 738 киши иштеп жатканын ӨКМден билдиришти.
Министрлик бул маалыматтарды кечээ саат 22:30га карата берди.
1 / 3

Ысык-Көлдүн Садыр-Аке айыл аймагына кирген бир нече айылды каптаган селдин кесепетин жоюу үчүн 738 киши иштеп жатат

2 / 3

ӨКМдин кызматкерлери баш-аягы 60 үйдү тазалашкан.

3 / 3

Ал эми жалпысынан сел 497 үй, бала бакча, ФАП, китепкана, дүкөн жана пансионаттарды каптап кеткен. Анын кесепетин жоюу үчүн 700 адам 59 атайын техника (анын ичинде 7 экскаватор) менен иштеп жатканын айтышты.

ӨКМдин кызматкерлери баш-аягы 60 үйдү тазалашкан. Ал эми жалпысынан сел 497 үй, бала бакча, ФАП, китепкана, дүкөн жана пансионаттарды каптап кеткен. Анын кесепетин жоюу үчүн 700 адам 59 атайын техника (анын ичинде 7 экскаватор) менен иштеп жатканын айтышты.
Кечээ жаратылыштын бул кубулушунан 11 дүкөн жана беш пансионат зыян тартканы кабарланган.
Селден улам Ысык-Көлдүн эки районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, жолдор жабылды