Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын башкы штабынын жетекчиси Путинге Курскидеги абал боюнча маалымат берди

Каршылаштар тараптан 100дөй адам өлтүрүлүп, 215 киши жарадар болгон. Сооттолгон 54 техника жок кылынды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг.— Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын аймагына кирүүсү токтотулду. Бул тууралуу Россиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Владимир Путин менен жолукканда билдирди.
Башкы штабдын жетекчисинин айтымында, 6-августта таңкы саат 5:30да Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн миңге жетпеген кишиден турган бөлүгү Курск облусундагы объектини басып алууга аракет кылган.

"Каршылаштар Курскинин аймагына андан ары кире алышкан жок, мизи кайтарылды. Азыркы тапта “Түндүк” тобунун бөлүктөрү Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара органдары менен бирге орус-украин чек арасына жакын аймактарда каршылашты жок кылууну улантууда. Алардан 100дөй адам өлтүрүлүп, 215 киши жарадар болду. Сооттолгон 54 техника жок кылынды. Операция душманды талкалап, мамлекеттик чек арага чыгуу менен аяктайт", — деген Герасимов.

Эске салсак, Украина менен чектешкен аймакта экинчи суткадан бери айыгышкан кармаш жана жапырт аткылоо болууда. Кечээ, 6-августта, Украинанын диверсиялык-чалгын топтору чек арадан өткөнгө аракет кылган. Ал эми аймак дрон жана ракета менен жасалган чабуулдарга кабылып жатат.
Учурда Курск аймагындагы кырдаал чыңалган тейде турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Украина армиясынын Курскиге чабуулун чагым деп атады