Улуттар аралык кастыкты козуткандар катуу жазаланат. Байсалов Кеминге барды

Жолугушууда Кемин көп улуттуу шаар болгону менен анда улуттар аралык көйгөй жок экени, жергиликтүүлөр ынтымакта жашап келери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Улуттар аралык кастыкты козуткандар мыйзам чегинде катуу жазаланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кемин шаарында жергиликтүүлөр менен баарлашууда айтканын өкмөттөн маалымдашты.
1 / 2

Улуттар аралык кастыкты козуткандар мыйзам чегинде катуу жазаланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кемин шаарында жергиликтүүлөр менен баарлашууда айтканын өкмөттөн маалымдашты

2 / 2

Жолугушууга президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, орус улутундагы коомчулук, Кеминдеги православ чиркөөсүнүн кызматкерлери, укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты

Жолугушууга президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, орус улутундагы коомчулук, Кеминдеги православ чиркөөсүнүн кызматкерлери, укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
"Жолугушууда ЖМКларга чиркөөнүн жана жергиликтүү жашоочулардын терезелерин сындырып кетишкендиги жөнүндө жарыяланган маалыматтар жөнүндө кеп болду. ИИМ жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү фактылар тууралуу маалымат беришип, алдыда мындай көрүнүштөрдү болтурбоо аракеттери жүрөрүн белгилешти. Ошондой эле Кемин көп улуттуу шаар болгону менен анда улуттар аралык көйгөй жок экени, жергиликтүүлөр ынтымакта жашап келери айтылды", — деп жазылат маалыматта.
Байсалов Кыргызстандагы бүгүнкү күндөгү чоң коркунуч улуттар аралык мамилеге доо кетирүү экенин белгилеп, мындай аракеттерди ишке ашырууну каалагандардын баары мыйзам чегинде катуу жазаланарын белгилеген.
"Учурда Кемин шаарынын айланасында ири өнөр жай объектилери курулууда. Бул жер — эң берекелүү жер. Жумуш баарыбызга жетет. Биздин көп улутуу калкыбыз жашаган ар бир үйдө туруктуулук жана жетишкендиктер болот", — деди Байсалов.
Ал ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багыттагы иштерди күчөтүүнү, чиркөөгө колдоо көрсөтүүнү, мындай жагдайларды алдын алуу иштерин уюштурууну тапшырды.
Ташиев кыргызча сүйлөгөн блогер Анатолийге сыйлык тапшырды. Видео