Радио

Умурзаков: баңгизат сатууга азгырылган балдар көбөйүүдө

Башкы прокуратуранын тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын улук прокурору Жайнак Умурзаков баңгизат сатууга өспүрүмдөр көп аралашып жатканын айтты.
Sputnik
2024-жылдын беш айында укук коргоо органдары тарабынан баңгизатка байланышкан жалпы 579 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Жайнак Умурзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кылмыш жоопкерчилигине 364 киши тартылган, алтоо — өспүрүм.
"Чыгыш Европа, Украина жана башка чет мамлекеттерден кылмышкерлер социалдык тармак аркылуу биздин балдарды баңгизат ташууга азгырууда. Өспүрүмдөр акчага кызыгып алданып калышууда. Балдарга "контактысыз" эле интернет аркылуу талаалардын координатын берип, баңгизаттарды ошол чекиттерге таштатып жатышат. Кызмат акысын криптовалюта аркылуу төлөп же эсептерине которуп коёт экен. Өкүнүчтүүсү, кылмышка жаш балдар аралашып кетти. Кокустуктан психотроптук дары колдонуп жоопкерчиликке тартылып калгандар да бар. Мисалы, 19 жаштагы студент бала окуудан кийин компьютердик клубда жүрө берип, акыркы убактарда суткалап уктабай калат. Ал интернет аркылуу уктатуучу дарыны Индияга буйрутма берет. Ал жакта курамында психотроптук дарылар ээн-эркин сатылат экен. Ал дары почта менен Кыргызстанга келгенде текшерүүчү органдардын көзөмөлүнө түшөт. Баңгизаттай эле таасир берүүчү мындай дарыны ал бала врачка жасалма көрсөтмө жаздырып, анан алат. Ошону менен учурда экөө тең жоопкерчиликке тартылууда. Дарыгерлер ушуга да көңүл бурса жакшы болот эле", — деди Умурзаков.
Ал Кыргызстанда дарылар Дары-дармек департаментинин уруксаты менен гана эркин сатыларын кошумчалады.