Курулушка лицензия берүүдө керектелүүчү документтер кыскартылды. Мындан ары кайсы документтер талап кылынат?

Sputnik
Эми курулуш компанияларына 6 гана документтин негизинде лицензия бериле баштары айтылды. Буга чейин 23 документ талап кылынып келген. Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, учурда жалпы 3 миңден ашык компанияга 7500дөн ашык лицензия берилген. Биз бүгүн уктуруунун алкагында бүгүнкү күндө берилген лицензиянын канчасы иштеп жатат? Колдонулбай калгандары барбы? Эгерде курулуш тармагына лицензия берүү жеңилдесе абал кандай болот?
Жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангельдиева жооп берди