Радио

Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жаңы каталогун түзүү зарыл

Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев өлкөдөгү мөңгүлөрдү изилдөө иштери өткөн кылымдын 30-жылдары башталганын айтты.
Sputnik
1977-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн каталогу түзүлгөн. Ага 1940-жылдардан бери изилденген маалыматтар камтылган. Ал кезде бүгүнкүдөй космостон тартылган сүрөттөр, дрондор жок болчу. Бирок жерине барып топографиялык карталардын жардамы менен изилдеп келишкенин Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 60-70-жылдардагы байкоолор боюнча өлкөдөгү мөңгүлөрдүн көлөмү 493 чакырым кубду түзсө, 2000-жылдардагы анализ боюнча 418 чакырым куб, акыркы 2010-жылдардагы изилдөөлөрдүн натыйжасында 390 чакырым кубга барабар болгон.
"Өлкөдөгү мөңгүлөрдү изилдөө иштери өткөн кылымдын 30-жылдарынан кийин башталган. 1977-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн каталогу түзүлгөн. Ага 1940-жылдардан бери изилденген маалыматтар камтылган. Ал кезде бүгүнкүдөй дистанттык зоналаштыруу, космостон тартылган сүрөттөр, дрондор жок болчу. Бирок жерине барып топографиялык карталардын жардамы менен изилдешкен. Мисалы, 60-70-жылдардагы байкоолор боюнча өлкөдөгү мөңгүлөрдүн көлөмү ошол кезде 493 чакырым кубду түзсө, 2000-жылдардагы анализ боюнча 418 чакырым куб, акыркы 2010-жылдардагы изилдөөлөрдүн натыйжасында 390 чакырым кубга барабар болгон. Демек, 1970-жылдардан бери 100 чакырым кубга азайган. Быйыл кайра-кайра кат жазып отуруп, биздин институтка 38 миллион сом бөлүнгөнү жатат. Мындай шарт түзүлүп калса республикадагы жалпы суу ресурстарына баа берип, үч жылдын алкагында баалуу маалыматтарга ээ болобуз. Дарыялардагы, жер астындагы суунун көлөмү, мөңгүлөрдүн запасы, бийик тоолуу жердеги көлдөрдүн запастары бүгүнкү күнгө карата изилденет. Биздеги акыркы маалыматтар 2000-жылдардын башында алынган. Ошондуктан суу ресурстары боюнча кадастр түзүп, Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жаңы каталогун иштеп чыгуу зарыл", — деди Чонтоев.
Ошондой эле окумуштуу өкмөт суу көйгөйлөрүнө жана гидроресурстарга көңүл буруп, илимий изилдөөлөргө басым жасалышы керектигин кошумчалады.