Минскидеги мектепке СССР Баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы берилди

Асаналиевдин сөөгү Витебскинин Узречье кыштагынын жанына коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Беларустун ордо калаасы Минск шаарындагы №11 орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага катышкан Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин, аталган өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын жана мектеп окуучуларынын алдында сүйлөп, Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык келечек муундар үчүн чыныгы патриоттуулуктун жана эрдиктин үлгүсү экенин белгиледи.
1 / 3

Беларустун ордо калаасы Минск шаарындагы №11 орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди

2 / 3

Салтанаттуу иш-чарага катышкан Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин, аталган өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын жана мектеп окуучуларынын алдында сүйлөп, Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык келечек муундар үчүн чыныгы патриоттуулуктун жана эрдиктин үлгүсү экенин белгиледи

3 / 3

Иш-чаранын алкагында мемориалдык тактанын ачылышы жана мектеп окуучуларынын катышуусунда концерттик программа тартууланган

Иш-чаранын алкагында мемориалдык тактанын ачылышы жана мектеп окуучуларынын катышуусунда концерттик программа тартууланган.
Белгилей кетсек, Жумаш Асаналиев 1923-жылы 10-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу азыркы Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып, Беларусту гитлерчилерден бошотууда эрдик көрсөткөн. 1944-жылдын 25-июнунда 21 жаштагы жоокер Витебскидеги салгылашууда пулемёту менен гитлерчилердин контрчабуулуна каршы салгылашып, пулемёту жараксыз болуп калганда акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да баатырларча курман болгон.
Асаналиевдин сөөгү Витебскинин Узречье кыштагынын жанына коюлган. Курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 2005-жылы 1-июлда Беларустун борбору Минск шаарында кыргызстандык жоокер, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевге арналган эстелик ачылган.
Радио
Качкеев: Жумаш Асаналиевге Минскиде орнотулган эстеликти Беларусь каржылаган