Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Качкеев: Жумаш Асаналиевге Минскиде орнотулган эстеликти Беларусь каржылаган

© Sputnik / Сергей АладьевКРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, коомдук ишмер Рысбек Качкеев
КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, коомдук ишмер Рысбек Качкеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Жазылуу
КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, коомдук ишмер Рысбек Качкеев Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевге тургузулган Минск шаарындагы эстеликтин тарыхын айтып берди.
Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевге эстелик тургузууга кеткен 250 миң долларды Беларусь өкмөтү бөлүп берген. Бул тууралуу Рысбек Качкеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Качкеев: Жумаш Асаналиевге Минскиде орнотулган эстеликти Беларусь каржылаган
Анын айтымында, баатырдын эстелиги өзүнүн аты берилген Асаналиев көчөсүндө орнотулган.
"2000-жылы Беларуска Кыргызстандын элчиси кызматына бардым. Жергиликтүү калктын маданияты, тарыхы менен таанышып жүргөн учурумда Минск шаарындагы Улуу Ата Мекендик согушка арналган беш кабаттуу музейде болдум. Анда Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевге арналган атайын бурч бар экенин көрүп, сыймыктандым, толкундандым. Мекендешиме ушул шаарда эстелик орнотулса деп кыялдандым. Анткени анын ысымы Кыргызстанда деле унутулуп бараткан эле. Жакын туугандарынан эч ким жок, кичи мекенинде бир көчөгө аты ыйгарылгандан башка көрсөткөн урматыбыз деле жок экен. Иш менен жүрүп арадан бир жылдай убакыт өтүп кетти. Баягы кыялымды ишке ашырмакка Беларусь президентине кат жазып, эстелик орнотууга уруксат сурап, жер бөлүп берүүсүн өтүндүм. Уруксатты алган соң биздин бийликке кайрылдым. Тилекке каршы, көңүл жубатарлык жооп болгон жок, тиешелүү органдар кайдыгер мамиле кылып коюшту. Кайрадан Беларусь бийлигине каражат сурап кайрылдым. Президенттин тапшырмасы менен алардын өкмөтү 250 миң доллар бөлүп, эстеликке арналган жер даярдалды. Бирок баатырдын элесин өзүңөрдүн адистер жасап келсин деген талап коюшту. Бул жактан ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Токон Шайлиевага кайрылдым. Ал киши кыйылып туруп макул болуп, акча бөлүп Медеров деген скульпторду таап, ал эстеликти жасады. Поезд, учак түз каттамдары жок болгондуктан 1,5-2 тонналык эстеликти автоунаага жүктөп алып бир ай дегенде Минскиге жеткирдик. Кызыгы, эстеликти орнотор алдында Кыргызстанда төңкөрүш болуп, мени кызматтан алып салышты. Бирок мен беларусь өкмөтүнө айтпай, айкелди орнотуу иштерине катышып, уюштуруп жүрө бердим. Ачылышына бизден расмий эч ким деле келип катышкан жок. Ошентсе да Жумаш Асаналиевдин өзүнүн ысымы берилген көчөгө, абдан ыңгайлуу жерге орнотулду. Азыркы учурда Минск тургундары ага гүл чамбар коюп кадырлап турушат", — деди Качкеев.
Ал айкел орнотулган соң Минск шаарынын күнүнө арналган майрамда Беларусь президенти Александр Лукашенко "каалаган эстелигиң орнотулду, ыраазысыңбы" деп сураганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жумаш Асаналиев Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык полкунда пулемётчу болгон. 1944-жылы Витебск облусунда болгон салгылашууда ал пулемёту менен душман ээлеген жээкке биринчилерден болуп чыгып, батальондун оң флангасынан орун алып, гитлерчилердин контрчабуулуна каршы салгылашкан. Пулемёту жараксыз болуп калган соң акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да баатырларча курман болгон. Көзү өткөн соң Советтер Союзунун Баатыры ардактуу наамы ыйгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0