Ташиев түнкү клуб иштеткендерге эскертүү берди

Ал акыркы убакта өткөрүлгөн рейддик иш-чараларда түнкү клубдардан баңгизаттар, көбүнчө синтетикалык кошулмалар бар каражаттар табылганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб ээлерине жана мындай жайларды иштеткендерге кайрылып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эскертүү берди.
Ал акыркы убакта өткөрүлгөн рейддерде түнкү клубдардан баңгизаттар, көбүнчө синтетикалык кошулмалар бар каражаттар табылганын белгилеген.

"Жаштардын саламаттыгына кам көрүү багытындагы иштерди дагы да күчөтүү максатында түнкү клубдарды иштеткендерге, алардын ээлерине да эскертүү. Баңгизаттардын кайсы түрү болбосун клубдарга алып кирүүгө, ал жакта таратылып, сатылуусуна жол бербегиле. Эгерде ошондой учурлар катталса мыйзам чегинде жоопко тартыласыздар", — деген Ташиев.

Ташиев аткезчилер менен аралашып кеткен чек арачылар катуу жазаланарын эскертти