БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өлкө башчы дене тарбия жана спорт тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы багыттарынын бири бойдон кала берерин белгилеген.
"Бул чөйрөдө 5000ден ашуун адис расмий иштеп, миллиондогон мекендештерди сергек жашоого үндөп, спорт менен машыктырып, кыргыз туусун бийик желбиреткен далай-далай уул-кыздарыбыздын чыгышына өбөлгө болууда. Натыйжада кыргызстандык спортчулар Олимпиада, паралимпиада, сурдлимпиада оюндарында, Ислам тилектештик оюндарында, Дүйнөлүк оюндарда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында, Дүйнө, Азия чемпионаттарында өлкөбүздүн атагын чыгарып келишет. Учурдагы татаал жагдайга жана жетишсиз инфратүзүмгө карабастан сергек жашоого жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан дене тарбия жана спорт кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем", — деген Жапаров.
Өлкө башчы алдыда Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алуу маселеси турганын, бул олуттуу мелдешке кыргызстандык спортчулардын катышып, жеңишке жетиши үчүн биргеликте аракет жумшаларын белгилеген.
"Бул жыл — сиздердин, спортчулардын, төрт жылдык эмгегинин үзүрүн көрө турчу жыл. Андыктан XXXIII жайкы Олимпиада оюндары бизге эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын байгелерди алып келерине үмүтүбүз чоң. Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери, баарыбыз эрки күчтүү, руху бийик, дени сак улутту калыптандыруу деген бир максатты көздөп алдыга жылабыз. Ар бир күнүңүздөр жаңы жетишкендиктерди, зор кубанычтарды алып келсин", — деп жазылган президенттин куттуктоосунда.