Кулак-мурду кесилген Аселдин мурдагы күйөөсү сотко келгенде жаңжал чыкты. Видео

Аселдин таежеси айыпкерди сумкасы менен чаап жиберген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү сотко алып келингенде жаңжал чыгып кетти.
Айыпкерди конвоирлер сот залына алып кирерде жабырлануучу келиндин тарапташтары "түрмөдө чирип өл, акмак!" деп тилдеп, таежеси айыпкерди сумкасы менен чаап жиберген. Конвоирлер аны калкалап залга алып кирип кетишкен.
Жараян Сокулук райондук сотунда өтүп жатат.
Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Жабырланган аялдын кескиленген органдарын калыбына келтирүүгө түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалаган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.
27-сентябрда Чүй облустук соту райондук соттун "Зордуктоо" боюнча чечимин өзгөртүп, келинди кордогон кишини 8 жылга соттоду.
Айгүл Жапарова кулак-мурду кескиленген Аселдин абалын сурап барды