https://sputnik.kg/20230922/kulak-murdu-kesilgen-ayal-sindisi-1078834527.html
Энесинин кулак-мурду кесилип жатканда уулу үйдө болгон. Окуянын чоо-жайы
Энесинин кулак-мурду кесилип жатканда уулу үйдө болгон. Окуянын чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
Жакында Кыргызстанда үрөй учурган окуя болду. Аялдын үйүнө эркек киши кирип келип бетин кескилеп салган. Кылмышка шектүү катары жабырлануучунун мурдагы жолдошу... 22.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-22T18:05+0600
2023-09-22T18:05+0600
2023-09-22T18:05+0600
видео
кыргызстан
аял
күйөө
окуялар
кулак
https://sputnik.kg/img/07e7/09/16/1078831420_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_e28702680a54155719c9bfe486795a3c.jpg
Трагедияга бир нече күн калганда кыргызстандык аял милицияга улам-улам барган. Бул тууралуу Sputnik агенттигине анын сиңдиси Диана Елькен айтып берди.Анын айтымында, үрөй учурган окуя болгон күнү Аселдин улуу баласы мектепке кеткен. Өзү жумушка барууга камданып жаткан. Эшигин ачары менен мурдагы жолдошу кирип келип сабай баштаган. Асел эки чапканда эс-учун жоготкон."10 жаштагы кичүү баласы үйдө болгон. Атасы апасынын кулагын кесип жатканда бала жуурканга башын катып жашырынып отурган. Батирдин ичинин баары канга боёлгон", — деди жабырлануучунун сиңдиси.Диана учурда эжесинин жакшы болуп кетишин тилеп отурат. Ал президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, окуяга көңүл буруп коюуну суранды. Аялга бир нече оор жана кымбат операция жасалары күтүлүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/16/1078831420_318:0:1758:1080_1920x0_80_0_0_9e92e0e0d6f43b16940c35f2c285fdc4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
видео, кыргызстан, аял, күйөө, окуялар, кулак, видео
видео, кыргызстан, аял, күйөө, окуялар, кулак, видео
Энесинин кулак-мурду кесилип жатканда уулу үйдө болгон. Окуянын чоо-жайы
Жакында Кыргызстанда үрөй учурган окуя болду. Аялдын үйүнө эркек киши кирип келип бетин кескилеп салган. Кылмышка шектүү катары жабырлануучунун мурдагы жолдошу кармалды. Ошол күнү үйдө экөөнүн кичүү уулу болгону белгилүү болду.
Трагедияга бир нече күн калганда кыргызстандык аял милицияга улам-улам барган. Бул тууралуу Sputnik агенттигине анын сиңдиси Диана Елькен айтып берди.
"Асел аймактык милиционерге "ал мени сабап жатат" деп айткан экен. Зөөкүр эжемди батиринин, жумушунун жанында күтүп турчу. Кармап алып сабачу. Аны убактылуу кармоочу жайга киргизип, үч күндөн кийин кайра эле чыгарып салышчу. 15 мүнөттөн кийин эжемдин босогосуна жетип келчү", — деди Диана.
Анын айтымында, үрөй учурган окуя болгон күнү Аселдин улуу баласы мектепке кеткен. Өзү жумушка барууга камданып жаткан. Эшигин ачары менен мурдагы жолдошу кирип келип сабай баштаган. Асел эки чапканда эс-учун жоготкон.
"10 жаштагы кичүү баласы үйдө болгон. Атасы апасынын кулагын кесип жатканда бала жуурканга башын катып жашырынып отурган. Батирдин ичинин баары канга боёлгон", — деди жабырлануучунун сиңдиси.
Диана учурда эжесинин жакшы болуп кетишин тилеп отурат. Ал президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, окуяга көңүл буруп коюуну суранды. Аялга бир нече оор жана кымбат операция жасалары күтүлүүдө.