Москвада Евразиялык IT-форум өтөт. Ага кыргызстандыктар да чакырылды

Иш-чара 20-21-февралга белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Россияда "Санариптик суверенитет узак мөөнөттүү эл аралык кызматташтыктын негизи" аттуу I Евразиялык IТ-форуму өтөт.
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, иш-чара 20-21-февралга белгиленген.
Ага катышууга 20дан ашык мамлекеттен, анын ичинде Кыргызстандан профилдик мекеме жана компания жетекчилери, ЖОЖ жана эксперттик коомчулук өкүлдөрү чакырылууда. Форумга катышууга арыз берүү жана иш-чара тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн сайтына кирсеңиздер болот.
Форум санариптештирүү жана бул процесстин маалыматтык коопсуздук, кадрларды даярдоо, "акылдуу" шаарларды жана аймактарды түзүү сыяктуу түрдүү аспектилерине арналганы айтылды.
Анын алкагындагы жаштар конференциясында санарип мамлекетти куруудагы мүмкүнчүлүктөр да талкууланмакчы.
Иш-чараны Россиянын Санарип министрлиги жана "ГосТех" платформасы уюштурса, "РОСА" маалыматтык технологиялардын илимий-техникалык борбору жана VK Tech компаниясы өнөктөш болот.
Радио
КФБ эл аралык биржа рыногуна чыгуу үчүн инфраструктурасын жакшыртууда