БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Токмок шаарында Ислам академиясын түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Эркин-Тоо" гезитинде жазылган.
Билдирмеге караганда, окуу жай теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.
Маалым болгондой, академиянын курулушун Заед бин Султан Аль Нахайян атындагы гуманитардык фонд (БАЭ) каржылаган. Академия салынып бүткөнү айтылды.
Окуу жайга буга чейин 2 гектар жер бөлүнүп берилген. Ал жакта 200 адам билим алып, анын ичинен 150сү магистратура жана аспирантура программалары боюнча окумакчы.