Радио

Мойдунов: кыргыз боксу кризистен чыгып, ийгилик жаратуучу жаңы муун өсүп чыкты

Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Нурсултан Мойдунов бокс боюнча Олимпиада оюндарында медаль утуу учуру келгенин айтты.
Sputnik
Кыргыз боксу кризистен чыгып, жаңы муун өсүп чыкты. Эл аралык турнирлерде байгелүү кайтып, татыктуу атаандаштык көрсөтүп, тарыхый жеңиштерге жетип жаткандары буга далил экендигин Нурсултан Мойдунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кийинки жылдын февраль айында Италияда Париж Олимпиадасына лицензия берүүчү турнирде кыргызстандык боксчулар ар бир салмакта жолдомо утууга аракет кылат.
"Акыркы жылдары кыргыз боксунда жакшы жетишкендиктер бар. Мунарбек Сейитбек уулу чоңдор арасында дүйнө чемпионатында коло медаль утуп тарыхый көрсөткүчкө жетти. Жакында эле Амантур Жумаев өспүрүмдөр арасында алгачкы ирет дүйнө биринчилигин багындырды. Мындай жетишкендиктер жаштарга дем берип, стимул болууда. Тилекке каршы, Олимпиададан медалыбыз жок. Кыргыз боксу кризистен чыгып, жаңы муун өсүп чыкты. Эл аралык турнирлерде байгелүү кайтып, татыктуу атаандаштык көрсөтүп, тарыхый жеңиштерге жетип жаткандары буга далил. 2024-жылдын февраль айында Италияда Париж Олимпиадасына лицензия берүүчү турнирде кыргызстандык боксчулар жолдомо утууга аракет кылат. Анда ар бир салмакта үчтөн лицензия ойнотулат. Менимче, Олимпиада оюндарында медаль утуу мезгили келди", — деди Мойдунов.
Ошондой эле адис кыргыз боксу мамлекеттик колдоодон тышкары бизнесмен, меценат, ишкерлердин, жалпы кыргыз элинин жардамына муктаж экендигин кошумчалады.