10 миң гектар кунарсыз жайытты жакшыртууга Россиядан алынган үрөн себилди

РФтен 99,5 тонна үрөн сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратып берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Такырайып кеткен 10 миң гектар жайытты 2023-жылы калыбына келтирүү боюнча пландалган иштер толук аткарылып бүттү. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
“Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99,5 тонна үрөн сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратып берилген. Техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер жайыт чөбүнүн үрөнүн кол менен сээп, түзүлгөн графикте бүткөрүштү”, — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада өлкө боюнча 10 миң гектар жайыт аянтына көп жылдык чөптөрдүн үрөнү себилген. Облустар боюнча алып караганда:
Нарын — 1603 гектар;
Ош — 2035;
Жалал-Абад — 2674;
Ысык-Көл — 1198;
Чүй — 649;
Талас — 905;
Баткен — 936.
Радио
Мамбетов: Россиядан келген үрөндөн 80 центнерге чейин түшүм алган учурлар болду