БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Арча-Бешик конушунда ымыркайын көчөгө таштап кетти деген кыз табылганын Ленин РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, наристенин энеси деген кыз 20 жашта. Ал Ленин РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.
Эске салсак, 19-ноябрь саат 22:45тер чамасында Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган. Милиция аны дароо төрөт үйүнө алып барган. Учурда бала жандандыруу бөлүмүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери башталган.