КР аймагында чет элдиктердин жүрүү принциптери туурасында Sputnik Кыргызстан радиосуна КР ТИМинин Консулдук департаментинин виза бөлүмүнүн үчүнчү катчысы Азамат Калысбеков айтып берди.
— Республикабызда эмне үчүн visa-run тутумун жокко чыгаруу чечими кабыл алынды?
— Visa-run дүйнөнүн бардык жеринде бар, анткен менен көп өлкөлөр бул механизмден баш тартып жатышат. Себеби ал өлкөдө жүрүүдөн, атап айтканда, иштөөдөн, жашоого уруксат берүүчү, виза жана башка документтерди алуудан качууга жылчык түзүп берет. Ошол себептүү visa-run механизмин жоюу эң оболу өлкөдө миграциялык агымды тартипке салууга багытталган.
— Жаңы эрежелер биринчи кезекте кимдерге тиешелүү?
— Алгач бул Кыргыз Республикасынын аймагында документсиз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. Коңшу өлкөлөргө улам кирип-чыгуу менен алар Кыргызстанда узак жүрө беришет. Мындай жол менен чет элдиктер өлкөдө жүрүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу мыйзамдаштыруудан качышат.
Жалпысынан уруксат берүүчү документтер боюнча эрежелер өзгөрүлгөн жок. Маселен, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары жашаган жери боюнча 30 күн аралыгында жарым жылдык мөөнөткө катталат. Ошол эле учурда бул мөөнөт аяктаганда узартууга укук алат. Чектөөлөр ЕАЭБдин убактылуу каттоодон качкан жарандарына карата киргизилет, тагыраак, алардын өлкө аймагында жүргөн күндөрү саналат.
КР ТИМинин Консулдук департаментинин виза бөлүмүнүн үчүнчү катчысы Азамат Калысбеков
© Sputnik / Тимур Осмонов
— Бул кандайча иштейт?
— ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жараны Кыргызстанга 90 күн кирип-чыгуу механизми менен кирип, бирок өлкө аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырбаганда чара көрүлөт. Аталган мөөнөт аяктаганда ал Кыргызстандан тыш 90 күн болушу шарт. Бирок россиялык, казакстандык же ЕАЭБге мүчө башка бир өлкөнүн жараны келгенде убактылуу каттоодон өткөн болсо, өлкө аймагындагы күндөрү саналбайт.
Ошондой эле бул жарым-жартылай визасыз режим иштеген мамлекеттердин жарандарына да тиешелүү. Аларга 120га 60 принциби иштемекчи. Бул өлкөлөрдүн жарандарына аныкталбаган мезгил аралыгында өзүнүн 60 күндүк мөөнөтүн топтоп алуу укугун беребиз. Мисалы, ал өзүнүн визасыз жүрүү мөөнөтүн беш, он күнгө келип отуруп, четинен сарптай алат. Белгиленген мөөнөткө жеткенде чет элдик киши 120 күн өлкө чегинен тыш болушу шарт. Эгер Кыргызстанга кирүү зарылдыгы чыкса, анда виза алышы абзел.
— Келиңиз, бир жагдайды карап көрөлү. Россиялык же ЕАЭБге кирген башка бир өлкөнүн жараны Кыргызстанга келди дейли. Убактылуу каттоого турбастан ал канча күн жүрө алат? Ошол мөөнөт аяктаганда аны узартууга кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?
— Андай жаран КР аймагында убактылуу каттоонун гана негизинде, демек, виза албастан жүрө алат. Айрым маалымат каражаттары visa-run механизмин жоюу менен Кыргыз Республикасы РФ жарандарынын өлкөдө жүрүү эрежелерин катаалдатып жатат деп жазышты. Андай пикир чындыкка коошпойт. Биз эл аралык уюмдардын жана биздин эки тараптуу макулдашуулардын алкагында бардык милдеттемелерибиздин чегинде иш алпарабыз. Эгер так бир мисалды алсак, Россия жараны Кыргызстанга келген күндөн тарта 30 күн каттоосуз жүрө алат. Ошол мезгил аралыгында ал кийинки кадамдарын аныктап алганы оң.
Иштеп, окууга же туугандарынан кабар алууга келген болсо отуз күндөн кийинки жүрүшүн каттоо жолу менен тийиштүү органга кайрылып, мыйзамдаштырып алуусу шарт. Мисалы, жеке максатта келген РФ жараны жарым жылга каттала алат. Мындай учурда ага КР аймагында 90 күн деген эсеп жүргүзүлбөйт. Каттоо мөөнөтү аяктаган соң узартып кое алат.
— Кандайдыр чек каралганбы? Маселен, РФ жараны КР аймагындагы каттоосун канча жолу узарта алат?
— Чек жок. Бирок жаңы эрежелердин киргизилиши менен каттоо мөөнөтүн дагы көбөйтүп, "утурумдук жашоого уруксат" деген түшүнүктү киргизүү пландалууда. Бул бир жылга берилип, кыйла салмактуу жана "күйбөй" турган документ болмокчу. Себеби убактылуу катталган учурда чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгып кеткенде күчүн жоготуп, кайтып калса ал кайрадан катталууга аргасыз болот. Утурумдук жашоого уруксат берүү олуттуу документ болушу шарт. Мындай механизм азыр каралып жатат, жакын арада киргизилип калары ажеп эмес.
— Каттоо жол-жобосу кандай жүрөт?
— Чет өлкөлүк жарандарды үй ээлери Калкты тейлөө борборунан убактылуу каттатат. Мындай каттоо үчүн чет элдиктин чек арадан өткөн документи — паспорту керектелет. Бул процедураны көпчүлүк сырттан келген кишинин аты-жөнү үй китепчесине жазылып, каттоого турушу деп ойлошот. Андай ой натуура. Убактылуу каттоого туруу чет элдик кишинин тигил же бул даректе гана жашаарын туюндурат. КР Санарип министрлиги онлайн-каттоого алууну ишке киргизген, бирок ал азырынча юридикалык жактарга гана тиешелүү. Азырынча бул процесс сыналууда. Кийинчерээк өлкөгө келген жеке жактарды каттоо механизмдерин да санариптештирүү пландалууда.
— Иштөө же билим алуу максатында күн сайын КР чек арасынан өтүп турган чет элдиктер мындай шартта кандай кылышат?
— Visa-run аларга да тиешелүү, андай жарандардын Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берилген күндөрү саналат. Эгер чет элдик өлкөдө окуп же иштеп жаткан болсо, ал буга уруксат берүүчү документтерди алууга тийиш. КРде окуп жаткан ЕАЭБ жарандары утурумдук жашоо уруксатын, ал эми иштөөгө келгендер жеке ишкер макамын алып же башка жолдор менен мыйзамдаштырып алуу зарыл.
Жаңы эрежелер дал ушундай жарандарга багытталды. Кыргызстанга ар таңда иш же кандайдыр бир максатта келип, кечке маал чыгып кетишкенин статистика көрсөтүп турат. Жаңы эрежелер тийиштүү органдарга бул процессти көзөмөлдөп, эсепке алууга шарт түзөт.
КР аймагында жүрүүнү мыйзамдаштыруу чет өлкөлүк жарандардын өздөрүнө да пайдалуу. Азыртан эле бизге кайрылгандардын саны жогорулаганы байкалат. Жайдан бери эле бул маселе жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай айтылып келди. Мыйзам да кабыл алынып, ага президент 16-августта кол койгон. Айтор, бул багытта иш толук старт алды. Жогоруда белгилегенимдей, эмитен эле кайрылуулардын арбый баштаганы кубантат.
Чет өлкөлүк жарандарды каттоо укугуна ээлик кылган башка органдардай эле КР Тышкы иштер министрлиги да бул багытта алгылыктуу иш алпарууда. Кыргызстанда чет элдиктердин жүрүшүнө ыңгайлуу шарттарды жаратууга жол ачкан жаңы документтерди иштеп чыгуу менен алекпиз.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелери боюнча Тышкы иштер министрлигинин (0312) 66-30-70 жана +996 (703) 428-865 номерлери аркылуу кеп-кеңеш алсаңыз болот.