Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде кол коюлган документтер. Тизме

Саммитке уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Астана шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин 10-жыйынында кол коюлган документтердин тизмесин президенттин маалымат кызматы жарыялады.
1 / 5

Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин 10-жыйынында

2 / 5

Касым-Жомарт Токаев Астана шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин 10-жыйынында

3 / 5

Реджеп Тайип Эрдоган Астана шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин 10-жыйынында

4 / 5

Шавкат Мирзиёев Астана шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин 10-жыйынында

5 / 5

Ильхам Алиев Астана шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин 10-жыйынында

Белгилей кетсек, саммитке уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.
Президенттер кол койгон документтер:
ТМУнун онунчу саммитинин декларациясы;
Астана актысы;
"Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди сыйлоо жөнүндө" чечим;
6-февралды "ТМУнун алкагында табигый кырсыктардын курмандыктарын эскерүү жана тилектештик күнү деп жарыялоо жөнүндө" чечим;
Түрк дүйнөсүнүн финансы борборлору жөнүндө чечим;
Түрк кызматташтык уюмдарынын желектерин шайкеш келтирүү жөнүндө чечим;
Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) Түрк мамлекеттер уюмундагы байкоочу статусун берүү жөнүндө чечим;
ТМУнун башкы катчысынын орун басарын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президентин дайындоо жөнүндө чечим;
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелеринин метрология жаатындагы кызматташуу протоколу;
ТМУнун 2023-2027-жылдарга транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы (жол картасы).
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
КМШ менен ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынтыктоочу саммитинин видеосу