Кайгырткан карыз. Маск Зеленскийдин "ыйламсыраган" мемин таратты

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск өзүнүн Twitter тармагында Владимир Зеленскийдин жардам сураган учурун мем кылып, "ыйламсыраган" сүрөт менен жарыялады.
Сүрөттө "кейпи кеткен" персонажга Зеленскийдин жүзүн коюп койгон.
"Беш мүнөт өткөнү менен али миллиард доллар жардам сурай албай отурган учур", — деп жазылган постто.
Жекшемби күн Жозеф Байден Конгресс тарабынан колдоого алынган мыйзамга кол койду. Ал өкмөттүн ишин дагы 45 күнгө, тагыраагы, 17-ноябрга чейин финансылоого шарт түзөт. Анткен менен документте Украинанын муктаждыгына акча каралган эмес.
Маск Трюдону Канадада сөз эркиндигин жок кылууга айыптады